• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө куралдардын каттоо мөөнөтүн жана сактоо эрежелерин бузган 23 факты аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 10.02.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 7-9-февралында Ысык-Көл районунун аймагында “Арсенал” операциясы өткөрүлдү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, операциянын максаты - курал-жарактарды жана жардыргыч заттарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларга бөгөт коюу болуп саналат.

"Операциянын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан жарандык куралдарды каттоо жана сактоо эрежелеринин сакталышы боюнча 327 турак жай жана 47 кашар текшерилди", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле райондун жашоочулары менен бул багыттагы алдын алуу иштери өткөрүлүп, курал-жарактарды жана жардыргыч заттарды жүгүртүү чөйрөдөгү мыйзамдар жана алардын талаптарын сактабагандыгы үчүн кандай жоопкерчиликтер каралгандыгы жөнүндө түшүндүрүү жүргүзүлдү.

Милициядан белгилешкендей, текшерүүлөрдүн жыйынтыгында куралдардын каттоо мөөнөтүн жана аны сактоо эрежелерин бузган 23 факты аныкталды. Он үч жаранга ар бирине 3 миң сомдон айып салынып, 10 жаранга эскертүү берилди. Ар бир аныкталган факты боюнча тиешелүү протоколдор түзүлдү.

Мындан тышкары, операциянын жүрүшүндө мурда жасалган кылмыштардын 3 фактысынын бети ачылды. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 3 ок атуучу курал алынды.

Пикир

Оставить комментарий