• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда милиция ички жана тышкы туристтердин коопсуздугун көзөмөлдөп жатат

Аймак 0

Бишкек, 28.06.21. /Кабар/. Арстанбапта милициянын көчмө кабылдамасы коомдук тартипти көзөмөлдөөдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Милициянын маалыматы боюнча учурда абанын температурасы жогорулап, күн ысыган сайын көпчүлүк жарандар тоо тарапка эс алууга чыгышууда. Буга байланыштуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан ички жана сырткы туристтердин коопсуздугу көзөмөлгө алынууда.

Базар-Коргон РИИБдин кызматкерлери милициянын көчмө кабылдама унаасы менен Арстанбапта иш алып барышууда. Алар эс алууга келген жарандарга аттракциондорго түшүүдө этият болуу керектигин эскертип жатышат. Ошондой эле табигый жаратылышты сактоого, ар кандай акыр-чикирлерди таштабоого чакырышууда. Тоо боорлорунда акырын басууга жана суу кырсыктарынан алыс болууга үндөшүүдө.

Мындан сырткары Арстанбап аймактык милиция бөлүмчөсү тарабынан жергиликтүү тургундар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө. Көчөлөрдө, соода жайларында, ашканаларда санитардык эрежелердин сакталуусу текшерилип, тиешелүү нормалар сакталбаган жайларга эскертүүлөр берилүүдө. Аттракцион иштетүүчүлөргө техникалык абалды тынымсыз көзөмөлдөп туруу зарылдыгы жеткирилүүдө.

Милициянын көчмө кабылдама унаасында туристтердин жана жергиликтүү тургундардын арыз-даттануулары, сунуштары да кабыл алынууда. Ошондой эле район аймагында сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу иштери да бул унаа менен үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келүүдө.

Белгилей кетсек Базар-Коргон РИИБдин милициянын көчмө кабылдама унаасы 2021-жылдын 5 айында 59 жолу аймактарды кыдырууга чыгып, 32 ар түрдүү мазмундагы кайрылууларды кабыл алган. Анын ичинен 3 факты КЖБРге катталып, 19 учур боюнча жеринде юридикалык кеңештер берилген.

Пикир

Оставить комментарий