• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто мыйзамсыз курулуштарды токтотуу боюнча иш аракеттер күч алууда

Аймак 0

Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. Ош шаарында мыйзамсыз курулуштарды токтотуу боюнча иш аракеттер күч алууда, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн архитектуралык-курулуш документтери жана тиешелүү уруксат кагаздары жок курулушу башталган көп кабаттуу үйлөрдү текшерүү боюнча рейд жүрдү.

Рейдди Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов жетектеп, ага Ош шаардык архитектуралык, курулуштарды көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын башчысы Руслан Суракматов, тиешелүү көзөмөлдөө органдарынын жетекчилеринен турган жумушчу тобу катышты.

Рейддин алкагында сот тарабынан каралып жаткан бир катар көп кабаттуу имараттардын курулуш иштери уланып жаткандыгы аныкталып, Ош шаарынын мэриясынын №420 токтомуна ылайык тиешелүү кызматтарга курулушту токтотуу, таза суу жана электр энергиясын өчүрүү боюнча тийиштүү тапшырмалар берилди.

Ош шаардык архитектуралык, курулуштарды көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынан билдиришкендей, учурда Ош шаарынын аймагында тиешелүү уруксат кагаздары жок курулушу башталган 17 көп кабаттуу үйлөрдүн иши сот тарабынан каралууда.

Мыйзамсыз курулуштарды токтотуу боюнча рейддик иш-чаралар улантылат.

Пикир

Оставить комментарий