• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө мал уурулуктун алдын алуу максатында иш-чаралар өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 01.03.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун аймагында мал уурулуктун алдын алуу максатында атайын иш-чаралар өтүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

"Учурда өзгөчө айыл тургундары үчүн мал уурулук орчундуу көйгөйлөрдүн бири болуп калууда, анткени мал-жандыктар менен өздөрүнүн жашоо тиричилигин жүргүзүшүп, үй-бүлөөсүнүн камын көрүшөт. Ошондуктан, элет жергесинин жашоочуларына мал уурулук олуттуу көйгөйгө айланууда",-деп айтылат маалыматта.

Алып айтсак, 2020-жылдын аралыгында Ысык-Көл облусунун ички иштер органдарынын тергөө кызматынын өндүрүшүндө бардыгы болуп мал уурулук менен байланышкан 120 иш болгон. Кылмыштын бул түрүнүн кесепетинен мал ээлерине 6 млн. 610 миӊ сомду түзгөн материалдык чыгым келтирилген. Өткөн жылдын аралыгында облустун аймагында 312 баш мал уурдалган, анын ичинен 77 баш бодо мал, 184 баш кой жана 51 баш жылкы.

Маалыматка ылайык, көрүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, мал уурулуктун 56 учурунун бети ачылып, 3 млн. 201 миӊ сомду түзгөн уурдалган мал ээлерине кайтарылып берилди.

Облустун ички иштер органдары тарабынан көрүлүп жаткан иш чараларга карабастан, мал уурулук, айрыкча айыл аймактарынын жашоочуларына чоң зыян келтирүүдө. Маселен, ушул жылдын биринчи айында эле Ысык-Көл облусунда мал уурулуктун 51 фактысы катталды. Буга байланыштуу Ысык-Көл ОИИБдин көрсөтмөсү менен аймакта мал уурулуктун алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралар башталды.

Дем алыш күндөрү жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын алкагында Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Акылбек Бекишев, кызыкдар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте Каракол шаарындагы мал базарында рейдтик иштерди өткөрүштү.

Рейддин жүрүшүндө малдардын идентификациялык ээндери, коюлган тамгалары жана тиешелүү документтери текшерилди. Мал ээлери жана базардын администрациясы менен сатылып жаткан малдардын тиешелүү документтерин текшерүү зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле, милиция кызматкерлери мал ташыган унааларды да текшерүүдөн өткөрүштү.

Мал уурулуктун алдын алуу жана кылмыштын бул түрүн кыскартуу максатында Ысык-Көл облусунун ички иштер органдары тарабынан атайын иш-чаралар туруктуу негизде өткөрүлүп турмакчы.

Пикир

Оставить комментарий