• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ноокендик Алина 25 күндөн бери дайынсыз болууда. Милиция коомчулуктан жардам сурайт

Аймак 0

Бишкек, 31.01.22. /Кабар/. Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын Алма айылынын тургуну 1996-жылы туулган Абдумомунова Алина Эмилбековна 25 күндөрү бери дайынсыз болууда.

Белгилей кетсек, буга чейин Жалал-Абад облустук милициясы Алина Абдумомунованын дайынсыз болуп жаткандыгын билдирип, издөө жарыялаган.

Милиция жана кыздын туугандары Алинанын 25 күндөн бери дайынсыз болуп жаткандыгына байланыштуу коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 165-170 см, ак жүздүү, кашы, көзү, чачы кара, оронуп алган болушу мүмкүн.

Кийген кийимдери: Көк түстөгү баш кийим жана шарф, сары түстөгү күрмө, кара түстөгү шым.

Дайынсыз болуп жаткан Алина Абдумомунова тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо төмөнкү телефондор аркылуу байланышсаңыздар болот: 102, (03734) 5 05 44, 0555 00 31 00, 0771 46 04 61.

Пикир

Оставить комментарий