• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Нарын шаарында сел калдыктарынан 63 турак жай тазаланды

Аймак 0

Бишкек, 05.06.20. /Кабар/. Нарын шаарында сел калдыктарынан 63 турак жай тазалынды. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлайт.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 3-июнунда Нарын облусуна караштуу Нарын шаарында нөшөрлөп жамгыр жаап, коктулардан келген сел суулары Чоң-Нарын каналынан ашкан. Анын кесепетинен Батыш, Алма-Бак, Ак-Коргон, Көтөрмө тилкелеринде жайгашкан 50 турак үйдүн ичине суу кирип, короосун каптаган жана 32 турак үйдүн короосуна, 3 көп кабаттуу үйдүн жер төлөөсүнө сел суулары кирген.

Ошондой эле 4 турак үй авариялык абалга келген. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

Жеринде КР ӨКМден ыкчам топ жана Жарандык коргонуу комиссиясы кошумча тактоо иш-чараларын жүргүзүүдө. Жалпы 25 турак үйдүн ичи жана 38 турак үйдүн короолору тазаланып бүткөрүлгөн, тазалоо иштерине жалпы 51 куткаруучу, шаардык жана облустук Жарандык коргонуу кызматтарынан 15 даана инженердик техника тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде, 4-июнь күнү министрдин орун басары Д. Алимбеков селдин кесепеттерин жоюуда координациялоо иш-чараларын жеринен жүргүздү.

Пикир

Оставить комментарий