• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аксы районунда жаңы мектептин курулуш иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 05.06.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Суу айылында жаңы мектептин курулуш иштери жүрүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш ыргагы менен өкмөттүн облустагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов таанышып, ак жолтой мектеп болуп, чыгаан уул-кыздар билим алсын деген тилекте капсула салды.

Мектеп 300 орунга ылайыкташтырылган.

"Мектептин мурдагы имараты 53 жыл мурда курулуп, анын эскилиги жеткен. Ал 225 окуучуга ылайыкташкан, бирок бүгүнкү күндө 424 окуучу билим алат", - деп айтылат маалыматта.

Өкүлчүлүктөн кошумчалашкандай, жаңы мектептин имараты 2021-жылы жаңы окуу жылынын башталышына толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет.

Аталган мектептин курулуш иштери Бириккен Араб Эмираты тарабынан каржыланууда.

Пикир

Оставить комментарий