• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Зардалынын 61 жаштагы тургуну бир жумадан бери дайынсыз болууда

Аймак 0

Бишкек, 21.05.21. /Кабар/. Баткенде дайынсыз жоголгон 61 жаштагы Кутмамат Саипов изделүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-май күнү 13:00дөр чамасында Баткен районунун Зардалы айылынын 61 жаштагы Кутмамат Саипов аттуу тургуну белгисиз тарапка чыгып кеткен бойдон азыркы күнгө чейин жүргөн жери белгисиз болууда.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иштери жүрүп жатат.

Белгилери: бою 165-170, кашы-көзү кара, дене түзүлүшү булчундуу, чачы жана сакалы ак.

Кийген кийимдери: үстүндө кара түстөгү жемпир, кара түстөгү шым, бутунда кара түстөгү бут кийим.

“Эгерде кимдир бирөө сүрөттөгү кишини таанып, жүргөн жерин аныктап калса (03622) 5-17-56, 0774 77-86-88, 0709 73-66-37 телефондорго кайрылсаңыздар болот”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий