• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыкты

Аймак 0

Бишкек, 24.07.21. /Кабар/. Бүгүн, 24-июлда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыкты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Кум-Мазар жергесинде Тажикстан Республикасынын чек арага жакын жашоочулары кыргыз тарап менен макулдугусуз талааны кумдан тазалай баштаган.

«Окуя болгон жерге Кыргызстандын чек арачылары, жергиликтүү органдардын өкүлдөрү жана жашоочулары барышкан. Кыргыз тараптын ишти токтотуу талабына тажик тарап баш ийген эмес. Анын үстүнө тажикстандык жарндар Кыгызстандын жаранын сабоого аракет кылган. Андан ары КР менен ТРнын жарандарынын ортосундагы чыр бири-бирине таш ыргытууга чейин барган», - деп айтылат маалыматта.

Жаңжалдын жүрүшүндө ТР УКМКсынын чек арачылары тарабынан Кыргыз Республикасы тарапка карай ок аткан. Ага жооп кылып КР УКМКнын чек ара кызматынын чек арачылары Тажикстан тарапка ок чыгарган.

Ок атышуунун натыйжасында кыргыз тараптан жабыркагандар жок.

Жаңжалдын андан ары өрчүшүнө жол бербөө максатында окуя болгон жерде КР УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Кыялбек Төлөнбаев барды.

Азыркы учурда Кум-Мазар жергесинде тараптандын чек ара өкүлдөрүнүн деңгээлинде жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жана укук коргоо органдарынын катышуусунда жолугушуу болуп жатат.

Абал туруктуу деп бааланууда.

Пикир

Оставить комментарий