• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто ММКнын КР менен РФнын кызматташтыгын арттыруудагы орду тууралуу тегерек стол өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 19.04.19. /Кабар/. Ошто "Россия президенти В.В. Путиндин КРга жасаган мамлекеттик сапарынын жыйынтыгын утурлай: эки өлкөнүн кызматташтыгын арттыруудагы ММКнын орду" темасындагы тегерек стол өтүп жатат.

Иш-чара КРнын президентинин жана өкмөтүнүн аппараты, КРнын Аймактык эксперттер клубу жана "Евразиялыктар - жаңы толкун" фондулары тарабынан уюштурулууда.

Иш-чарада мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер, саясат тануучулар жана ММК өкүлдөрү катышууда.

Форумда россиялык ММКлардан "Биринчи канал - дүйнөлүк түйүн" дирекциясынын башчысы Андрей Сальников, "Россия 24" каналынын КМШ өлкөлөрү боюнча маалымат бөлүмүнүн шеф-редактору Ольга Дудоладова, ошондой эле "Россиялык газета" газетасынын, анын ичинде КРдагы өкүлчүлүгү катышып жатат.

КР президентинин аппаратынан Календер Мулкубатов катышууда.

Иш-чара аякташы менен жыйынтыктоочу декларация кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий