• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын облусунун башчысы Турук кенинде көмүр казуу иштери менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 28.11.23. /Кабар/. Президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов Турук көмүр кенинде иш сапары менен болуп, көмүр казуу ишинен кабар алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда аталган кенде "Ак-Талаа" мамлекеттик көмүр казуу ишканасы жана "Кенч-Строй", "Ырыс-Кен" менчик ишканалары иш алып барууда. Быйыл кыш мезгилине карата Турук көмүр кесиминде бул ишканалар тарабынан жалпы 14 миң тоннадан ашык көмүр казып алынып, Ат-Башы, Ак-Талаа райондорун камсыздады. Учурда көмүр казуу иштери улантылууда.

Облус жетекчиси Алтынбек Эргешов Турук көмүр кесиминде көмүр казуучу ишканалардын жетекчилери жана айдоочулар менен баарлашып, ал-абалын, көйгөйлүү маселелерин сурады.

Айдоочулар кенде тартип маселеси жакшы жолго коюлганын билдиришип, жол жана тараза көйгөйүн айтышты. Кенге барчу жол саздак болгондуктан ишканалар тарабынан каражат бөлүнүп, оңдолуп турганына карабай тез-тез чөгө берет. Өкүл бул маселе жакында чечилээрин билдирди.

Ошондой эле Турук кенинде "Турук-Майнинг" компаниясы тарабынан менчик тараза коюлган. Бул таразанын акысына ишканалар ай сайын тараза ээсине 2 автоунаа көмүр беришет.

Облус жетекчиси Алтынбек Эргешов кийинки жылдан баштап бу таразан алып, муниципалдык тараза коюууну жергиликтүү бийликке тапшырды.

Белгиленгендей, быйыл кыш мезгилине облус боюнча 127 миң 715 тонна көмүр отуну керектелет. Мунун ичинен 92 миң 400 тоннасы элдин, калганы бюджеттик мекемелердин керектөөсү. Бүгүнкү күндө бюджеттик мекемелер көмүр отуну менен толук камсыздалды. Ал эми элдин 49 пайызы көмүр отунун алды. Облустун аймагында жалпы 68 кампада көмүр сатылууда.

Пикир

Оставить комментарий