• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын чектеш облустарынын башчылары кызматташууну талкуулашты

Аймак 0

Ош, 28.01.19. /Кабар/. Тажикстандын Канибадам шаарында 25-январь күнү Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын чектеш облустардын башчыларынын жолугушуусу өтүп, кызматташууну талкуулашты. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Жолугушууга КР өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев, Фергана облусунун акими Шухрат Ганиев (Өзбекстан) жана Согдий облусунун төрагасы Раджаббой Ахмадзода (Тажикстан) катышкан.

Тараптар экономика, туризм жана биргелишкен маданий жана спорттук иш-чараларды өткөрүү маселелерине токтолушкан. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө алар туризм чөйрөсүндө кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп кетишкен.

Андан тышкары биргелешкен ишканаларды түзүү маселесине өзгөчө көңүл бурулган. Буга чейин айыл чарба азыктарын кайра иштетип чыгуу, курулуш материалдарын чыгаруучу жана кездемелерди чыгаруучу мекемелерди биргеликте ачуу маселелери боюнча макулдашуулар жүргөн.

Бул жолугушуу Баткен менен Согдий облустарынын 2017-2020-жылдар аралыгында коңшу карым-катнашты күчөтүү жана Кыргызстан менен Өзбекстандын 2016-2020жж. кызматташуу тууралуу эки тараптуу келишимдин негизинде өткөн.

Пикир

Оставить комментарий