• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарында тоют коопсуздугун алдын алуу үчүн 118 тонна чөп жана 114 тонна жем жыйналды

Аймак 0

Бишкек, 24.02.24. /Кабар/. Нарын облусунда тоют коопсуздугун алдын алуу максатында 118 тонна чөп жана 114 тонна жем сатып алынды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, тоют Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен сатып алынды. Тобттун кору Нарын районунун Эмгекчил айылындагы кампада жана Ат-Башы районунун Өзгөрүш айылындагы кампада сакталат.

"Өзгөчө кырдаалдар болгон шартта зарылчылыкка жараша башка айылдардын эли дагы кайтарымдуу жол менен алып пайдалана алышат. Башкача айтканда, күзүндө тоют топтоо убагында азыр алган тоюттун ордун толтуруп, тоют корун жылдан жылга кармоо негизги максаттардан. Кийинки жылы башка айылдарга жана алыскы кыштоолорго ушундай кампаларды уюштуруу пландалууда", - деп айтлат маалыматта.

Тоютту элге тапшыруу иш-чарасына президентинин Нарын облусундагы өкүлүнүн аппаратынын Укук тартиби, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Чукуев, ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Эрнест Дыйканбаев, Нарын районунун акими Нуридин Мадимаров, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрү Дэвид Хильке, Ли Сай жана айыл тургундары катышты.

Жолдошбек Чукуев облус жетекчиси Алтынбек Эргешовдун атынан программанын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, элибиз мал-жаны менен кыштан аман-эсен кыйналбай чыгып кетишин, өзгөчө кырдаалдар болбой, алып келген тоютубуз жайчылык күндөрдө гана колдонулушун тилек кылды.

Пикир

Оставить комментарий