• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарында күндүзгү стационарлар даярдалууда

Аймак 0

Бишкек, 06.07.20. /Кабар/. Эпидемиологиялык абал курч болгондугуна байланыштуу Нарын облусундагы ооруканалар үчүн кошумча орундарды жана күндүзгү стационарларды тез арада даярдоо иштери колго алынды. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Облус жетекчилиги тарабынан Нарын шаарында 200, райондордун борборлорунда 100 орундуу күндүзгү стационарларды уюштуруу иши жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө милдеттендирилди.

Мындан сырткары, айылдардагы фельдшердик-акушердик пункттарда дагы күндүз жатып дарылануучу орундар даярдалууда.

Пикир

Оставить комментарий