“Кабар” МАБ: Коронавирус пандемиясы кыргызстандык мигранттарга кандай таасирин тийгизди

Аналитика 0

Коронавирус пандемиясы өлкөнүн ар кайсы тармактарына, анын ичинде экономикага олуттуу өзгөрүүлөрдү киргизди. Өлкөнүн бюджетине кирешенин аздыгы, өзгөчө эмгек миграциясынын салымы төмөндөп кетти. Азыр пандемиядан кийинки мезгил жана анын кесепеттери жөнүндө ойлонуу маанилүү. Буга байланыштуу “Пикир” аймактык эксперттер клубу “ЕАЭБдин эмгек рыногун өнүктүрүү: пандемиядан кийинки мезгилге божомол” аталышындагы онлайн конференция өткөрдү.

Өткөн жылдын күзүндө Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков акыркы 10 жылдын ичинде эмгек мигранттарынан 19 миллиард АКШ долларынан ашык каражат түшкөнүн билдирген. Бул каражаттар өлкөнүн өнүгүүсүнө өз пайдасын тийгизген. Азыр эмгек мигранттары жумушсуздукка кабылды. Айрым мигранттар мекенине кайтууда.

Нет описания.

“Коронавирус пандемиясы ЕАЭБдин жарандарынын ден соолугуна гана терс таасирин тийгизбестен, эмгек рыногун да солгундатты. Инфекциянын жайылышын алдын алуу максатында көптөгөн ишканалар жабылгандыктан кыргызстандыктардын көбү жумушсуз калды. Азыр көп сандагы жарандардын Россиядан келишине гана көңүл буруу туура эмес. Ал жактан келген мекендештер кайра Россияга качан кете аларын сурашууда”, - дейт саясат таануучу Игорь Шестаков.

Айрым мигранттар Россияга кайтып келүүнү каалашканын кыргыз диаспорасынын Свердлов облустук “Кыргызстан-Урал” коомдук уюмунун төрагасы Гүлшан Дөлөнбаева да ырастады. Анын айтымында, Кыргызстанда жумуш табуу кыйынга тургандыктан Россияга кайра келүүнү каалап жатат.

Нет описания.

“Пандемия биздин мигранттар тагдырдын мындай катуу соккуларына даяр эмес экендигин көрсөттү. Көпчүлүгү жумушсуз калышты жана эмгек келишимдеринин жоктугунан улам биздин жактоочуда айлык акысын ала албай жаткан 10дон ашык жарандын кайрылуусу турат. Көптөгөн мекендештерибиз турак жайсыз калган. 3-4 үй-бүлө биригип жашагандыгына карабастан батирдин ижара акысын төлөй алышкан жок. Миграттарга жардам берип, кол сунгандар да болду, бирок ошол эле учурда көчөдө калган жарандарыбыз да болду. Башкы консулдуктун жана диаспоранын жардамы менен Екатеринбургда жашаган бир жарым миң кыргыз үй-бүлөсүнө тамак-аш жардамы көрсөтүлүүдө. Ошондой эле мигранттарга ар кандай маселелер, анын ичинде медициналык жана социалдык маселелер боюнча кеңеш бере турган штаб түзүлгөн. Штабда ыктыярдуу дарыгерлер иштешет. Айрым мекендештерибиз маалыматтын жетишсиздигинен жана өзүнүн укуктарын жакшы билбегендиктен жардам сурап кайрылышпайт. Биз билдирүүлөрдү бардык соцтармактарга жарыя кылганыбызга карабастан көптөгөн кыргызстандыктар дарыланууга акы төлөнөт деп, үйдө дарыланууда. Бул аябай кейиштүү. Азыр бизде жүк "200" саны өсүп кетти. Негизинен булар коронавирустун өнүккөн учурлары. Мындай трагедиялар дээрлик күн сайын болууда”, - деди Гүлшан Дөлөнбаева.

Мамлекеттик миграция кызматынын башкы адиси Бактыгүл Айдакееванын айтымында, жумушсуз мигранттарды кайра окутуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, бирок бул процесс көпкө созулуп кетиши мүмкүн.

“Өз кезегинде, Мамлекеттик миграция кызматы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте кайтып келген жарандарыбыздын квалификациясын жогорулатуу боюнча маселелерди чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бирок бул маселелер биз каалагандай тез чечилбей жатат. Бизде күн сайын коронавирус инфекциясы уламдан-улам көбөйүп жаткандыктан баары үйдөн иштөөгө өткөн. Көпчүлүк кызматкерлер аралыктан иштөөгө өткөндүктөн керектүү чечимдерди кабыл алууга жолтоо болууда”, - деди Айдакеева.

Свердлов облусунун Коомдук палатасынын эксперти, Урал ассоциациясынын “Экстремизмдин алдын алуу жана Терроризмдин идеологиясына каршы аракеттенүү боюнча Этникалык конфессияларды изилдөө борборунун” вице-президенти (Екатеринбург) Алексей Старостин белгилегендей, 2019-жылкы эмгек рыногунун деңгээлине жетүү үчүн 5 жылдай убакыт талап кылынат.

“Эгерде биз Россиянын эмгек рыногунун божомолдору жана эмгек мигранттарынын келечеги жөнүндө сөз кыла турган болсок, анда статистиканы карашыбыз керек. Расмий маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күндө Россияда болжол менен жумушу жок 2,5 миллион адам бар жана каттала элек 5 миллионго жакын жаран бар. Биздин өкмөттүн божомолуна ылайык, 2019-жылкыдай Россиянын эмгек рыногу болжол менен 5 жылдан кийин калыбына келет, андыктан чет өлкөлүк жарандар Россиядан жумушка кириши боюнча суроо ачык бойдон калууда. Мындан тышкары, Россиянын мыйзамы боюнча чет өлкөлүктөрдү жумушка алуудан мурун өз жарандарын жумушка орноштурууга артыкчылык берет, бул иш берүүчүлөрдүн өздөрүн оор абалга алып келүүдө”, - дейт эксперт.

Кыргызстандын премьер-министринин кеңешчиси, экономист Кубат Рахимов өз сөзүндө пандемиядан калктын кайсы категориясы эң көп жабыркаганын айтып берди.

Нет описания.

“Коронавирус менен байланышкан кризис биринчи кезекте социалдык коргоосу жок күнүмдүк же кыска мөөнөттүү эмгек келишимдерин алган адамдарга таасирин тийгизди. Керек болсо калктын аярлуу катмары гуманитардык жардамдарды алып, мигранттарга караганда салыштырмалуу корголуп жатты”, - деп өз оюн Рахимов билдирди.

Рахимов кошумчалагандай, коронавирус пандемия ЕАЭБдин дээрлик бардык өлкөлөрүндө эмгек рыногунда көптөгөн көйгөйлөрдү жараткан.

“КОВИД-19 менен күрөшүүнүн кесепеттерин жоюуга Путин менен Мишустин кандайча көңүл бурушту? Россияда тез арада жумуш орундарын сактап калган ишканалар гана колдоого ээ болушту. Чындыгында, бул мамлекет менен бизнестин, мамлекет менен жарандын мамилесин түп-тамырынан карап чыгуу багытындагы башталгыч чекити болушу керек. Бул мамилелерди кайрадан карап чыгуу керек, антпесе, мындай мүнөздөгү ар кандай көрүнүштөр коомго жана мамлекетке күчтүү сокку урушу мүмкүн", - деди Кубат Рахимов.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий