• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүтүндөй өлкө боюнча муктаж болгондорго азык-түлүк түрүндө жардам көрсөтүлүп жатат

Аналитика 0

Карантин башталган күндөн тартып эле Кыргызстандын бийлигинин эң негизги милдеттиринин бири бул - калк арасында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу болду. Айрыкча бул калктын аярлуу катмары - күнүмдүк иштеп акча тапкандар, көп балалуу үй-бүлөлөр, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар. Ар кандай социалдык тармактарда алдыда боло турган "ачкачылык козголоңу" жана өлкөдө азык-түлүктүн керектүү көлөмдө запасы жок экендиги тууралуу чыккан маалыматтар кырдаалды бир топ курчутту. Бирок, бул маалыматтардын баардыгы жөн гана "фейк" экендигин жана чындыкка коошпой тургандыгын убакыт өзү көрсөттү. Андан тышкары, өкмөт карантин мезгилинде жасалган иштер, калктын аярлуу катмарына берилген жардамдар жана эл аралык өнөктөштөр менен түзүлгөн келишимдер тууралуу маалыматтарды берип жатат.

Карантиндин алгачкы күнү эле муктаж болгондорго көмөк көрсөтүү маселеси курч турган. Кайдыгер карабаган бизнес өкүлдөрү жана активисттер калктын аярлуу катмарына көмөк көрсөтүү ниети менен өкмөткө кайрылышкан. Баардык финансылык которуулардын ачык болуусу жана эч кандай "күмөндүү" суроо жаралбашы да эң маанилүү тапшырмалардын бири болчу.

«Өкмөт өзгөчө абал шарттарында жарандарга жардам көрсөтүү үчүн масштабдуу иштерди баштап, бардык ресурстарды жумшап жатат. Бизге аз камсыз болгон жарандарга жана көп балалуу үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүгө даяр бизнес өкүлдөрү жана кайдыгер эмес жарандар кайрылышууда. Аз камсыз болгон жарандарга азык-түлүк түрүндө жардам берүү үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бизнестин жана жарандык коомдун өз ара иштешүүсүнүн ачык-айкын жана натыйжалуу алгоритмин ыкчам тартипте иштеп чыгуубуз керек. Алар күнүмдүк керектөөдөгү тез бузулбай турган тамак-аш продуктуларынан турат. Биринчи баскычта жардам экономикалык ишмердүүлүк кыйла чектелген жана көптөгөн үй-бүлөлөр акча табуу булагысыз калган Бишкек жана Ош шаарларынын жашоочуларына көрсөтүлөт», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ошондой эле help.covid.kg ресурсу ишке киргизилди, бул жерде чогултулган жана коротулган акча каражаттары жана муктаж болгондорго көрсөтүлгөн жардамдар тууралуу маалыматтар менен таанышууга болот.

9-апрелге карата республика боюнча 207 763 үй-бүлө болсо, алардын ичинен 86902 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү. Андан тышкары, айта кетүүчү нерсе, жардамга муктаж болгондордун көбү Ысык-Көл облусунда жана Бишкек шаарында. Ири шаарлардагы абал айдан ачык. Бизнестин баары токтоп калгандыктан көпчүлүгү кирешесиз калып, оор турмуштук кырдаалга дуушар болушту.

Ошондой эле азык-түлүктөрдү жана керектүү нерселерди дарегине жеткирүү, башкача айтканда, логистика да чоң маселе болду. Анткени коронавирустук инфекция адам менен байланышта болгон кезде жугат, демек, бул байланыштарды минималдаштыруу керек.

«Көптөгөн жарандар кандай оор абалда калганын биз жакшы түшүнүп турабыз. Бирок азырынча өз алдынча изоляциядан башка коркунучка каршы туруунун таасирдүү ыкмасы жок. Ошондуктан биз дарыгерлердин жана адистердин сунуштамаларын угууга тийишпиз. Учурда министрликтин кызматкерлери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган өкүлдөрү тараптан көмөктү даректүү жеткирүү боюнча иш жүргүзүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жана «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасына пенсияларды өз мөөнөтүндө жеткирүү тапшырылды. Комендатура тараптан аталган ведомстволордун жооптуу кызматкерлерине тийиштүү өткөрмөлөр берилген. Буга катар бюджеттин корголгон беренелери толук көлөмдө каржыланат. Айлык акыларды төлөп берүүдө эч кандай көйгөйлөр жана кечиктирүүлөр болбойт», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Андан тышкары, карантин башталгандан тартып ун маселеси да коомчулук арасында бир топ талкууланып, кампаларда ун жок экендиги тууралуу айың-кептер айтылган. Бирок, азыр бул негизсиз маалымат болду деп айта алабыз. Алсак, миласы, 24-апрелге карата алынган маалыматка ылайык, өкмөт тарабынан калктын аярлуу катмарына 6 988,7 тонна ун таратылды.

Жардам республиканын бардык аймактарында көрсөтүлүп жаткандыгы дагы абдан маанилүү. Унду кантип жана кайсыл жакка жөнөтүү керектигин атайын комиссия чечет.

Айта кетүүчү дагы бир жагдай, ундун запасы ар дайымкы негизде толукталып турууда. Алсак, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Россия Федерациясындагы азык-түлүк корпорациясы менен 33 миң тонна буудай сатып алуу боюнча келишимге кол коюп, 24-апрелде республикага 2700 тонна алып келинди.

Демек, бул өкмөттүн учурдагы чакырыкка даярдыгынан кабар берет.

Дагы бир маанилүү маселелердин бири - бул көрсөтүлө турган жардамдар тууралуу калкка маалымат жеткирүү. Анткени көпчүлүгү каяка кайрылуу керектигин биле беришпейт. Маалыматтык порталдар менен социалдык түйүндөр аркылуу таратылып жаткан маалыматтар көпчүлүк учурда муктаж болгондорго жетпей калууда. Бул тууралуу канчалык көп адамга маалымат айтылса, ошончолук көп адам азык-түлүк баштыкчасын алат.

Мындан сырткары, жарандар жардам боюнча кайрыла ала тургандай 227.tunduk.kg онлайн платформасы түзүлгөн.

Апрель айынын ортосунда аталган ресурс аркылуу 180 миңге жакын муктаж болгон үй-бүлөгө жардам көрсөтүлгөн.

«Өкмөттүн өлкө аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү боюнча масштабдуу ишинде «Жардам штабынын» орду чоң. Мындай оор күндөрдө кайрымдуулук иретинде келип түшкөн жардамдарды чыныгы муктаждарга таратуу зарыл», - деди вице-премьер-министр Аида Исмаилова.

Андан тышкары, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин депозиттик эсебине көмөк көрсөтүүнү каалаган мамлекеттик мекемелерден, жеке компаниялардан жана кайдыгер эмес жарандардан жалпысынан 13 млн 534 миң 796 сом келип түштү. Анын 12 миллион 379 миң 996 сомуна калктын аярлуу катмарына азык-түлүк иретинде жардам берилди.

Жалпылап айтканда, республика боюнча муктаж болгодорго ар тараптуу жардам көрсөтүү иштери жүргүзүлүп жатат. Азык-түлүктөр өз дарегине жетүүсү үчүн ар андай программалар ишке киргизилген. Азыркы учурдагы эң башкы маселе - бул маалымдоо жана логистика. Бийлик тараптан буга чейин бир нече ирет айтылгандай - азык-түлүк баарына жетет.

«Кабар» МАБ

Пикир

Оставить комментарий