• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМКнын Ысык-Көл боюнча башкармалыгынын медициналык бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды

Аймак 0

Бишкек, 07.09.22. /Кабар/. УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын медициналык бөлүмүнүн жаңы имараты жана футбол аянтчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын жетекчилиги жана өздүк курамы, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов, Каракол шаарынын мэри Э. Жумаев, ошондой эле атайын кызматтын ардагерлери катышты.

Ташиев УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкы башкармалыгынын өздүк курамын куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалап, бул иш-чара УКМК бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчилиги тарабынан жүргүзүлгөн иштери экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий