• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

ӨКМ: 9 күндөн бери дайынсыз жоголгон мергенчинин сөөгү табылды

Аймак 0

Бишкек, 05.02.18. /Кабар/. Ош облусунун Алай районундагы дайынсыз жоголгон мергенчинин жансыз денеси табылды,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, издөө ишинин натыйжасында бүгүн, 5-февралда болжол менен саат 15:16 чамасында Ат жайлоосунда мергенчинин жансыз денеси табылган. Азыркы мезгилде маркумдун сөөгүн алып келүү иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, Октябрь айылынын тургуну 28-январда болжол менен саат 8:00дө Сары-Күнгөй тоосун көздөй аңчылыкка кеткен. Маалыматка ылайык, ал үй-бүлөсү менен ошол эле саат 16:00дө акыркы жолу байланышка чыккан.

Издөө иштери 30-январда башталган.

Пикир

Оставить комментарий