• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарында "Долон" кар көчкү станциясы иштей баштады

Аймак 0

Бишкек, 13.05.23./Кабар/. Нарын облусунда “Долон” кар көчкү станциясынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү, деп билдирет КР ӨКМдин маалымат кызматы.

Долбоор КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Япония өкмөтүнүн, Бириккен Улуттар Уюмунун ортосундагы кызматташтыктын алкагында ишке ашкан.

Стратегиялык маанидеги Бишкек-Торугарт унаа жолу, Кызыл-Бел, Калмак ашуусу, Төө-Ашуу ашууларында көр көчкү түшүү кооптуулугуна мониторинг жүргүзүү менен так божомолдоо берүүгө ылайыкталган станция жаркыраган имарат жана толугу менен жаңы жабдуулар менен камсыздалды.

Учурда курулушу бүтүп колдонууга берилген “Долон” жана “Чапчыма” станциялары БУУнун Өнүктүрүү программасынын “Кыргыз Республикасында тобокелдиктерди комплекстүү башкаруу боюнча потенциалды жогорулатуу жана Борбордук Азиядагы аймактык кызматташтыкты чыңдоо” долбоорунун алкагында Япон өкмөтүнүн каржылоосу менен ачылды.

Аймакта метеорологиялык байкоо жүргүзүү менен аба ырайын божомолдоого, кар катмарынын мониторинги жана кар көчкү коркунучун божомолдоо үчүн арналган “Долон” жана “Чапчыма” станциялары так маалымат берип, калкка кооптуулук тууралуу өз учурунда эскертүү берүү менен табигый кырсыктардын алдын алууга чоң шарт түзөт.

Станциянын ачылышына Япониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидэки, БУУнун өнүктүрүү прораммасынын туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен, КР өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов жана президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов жана башкалар катышты.

ындан сырткары, азыркы учурда Чаткал районунда “Башкы-Терек” станциясынын курулушу жүрүп, ушул жылдын сентябрь айына чейин бүтүрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий