• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өлкөнүн аймактарындагы китепканаларда оңдоо иштери жүрдү

Аймак 0

Бишкек, 19.12.23. /Кабар/. Өлкөнүн аймактарындагы китепканаларда оңдоо иштери жүрдү. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, китепканалар министрликтин бюджетинен бөлүнгөн каражаттын эсебинен оңдолду.

Төмөндө оңдоодон өткөн китепканалардын тизмеси:

- Чүй облусунун Кант шаарындагы китепканага 200 миң сом каражат бөлүнүп, эки кабинетке керектүү ремонт жүргүзүлүп, электр чубалгылары жана интернет кабелдери жаңыртылды;

- Нарын райондук маданият бөлүмүнө караштуу борборлоштурулган Э. Ибраев атындагы китепканага 1 млн 340 миң сом каражат каралып, ага имараттын чатырчасы жабылып, таза суу чыгаруу үчүн канализация ишке киргизилди жана кабинеттер ремонттолуп, санитардык бурч орнотулду;

- Талас облустук А.Токтогулов атындагы китепканага 1 млн 888 миң 130 сом каралган. Ал каражатка кабинеттерге ремонт иштери жүрүп, имараттын кире бериш жери узартылып, түтүктөр тартылды жана санитардык бурч орнотулду. Ошондой эле тепкичтерге пандус орнотулду;

- Ош облустук Т.Сатылганов атындагы китепканага 1 млн 794 миң сом бекитилген. Аталган каражатка китепкананын арткы жана каптал жактары тосмо менен тосулган. Ошондой эле китепкананын ички, тышкы дубалдары керектүү оңдоп-түзөөдөн өткөн. Китепкананын территориясын жашылдандырдуу жана көрктөндүрүү иштери аткарылды.

Атап кетсек, тамчылатма, авто сугат системасы коюлуп, кайрадан кара топурак төшөлүп, газон, декаративдик өсүмдүктөр тигилди. Китепкананын аймагындагы тегиз эмес жерлер түзөтүлүп, шагыл төшөлдү. Дарактарга санитардык бутоо, калыпка келтирүү иштери аткарылды. Унаалар үчүн бручсатка төшөлдү.

Пикир

Оставить комментарий