• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Панфилов районунда экстремизм жана терроризмдин алдын алуу талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 20.04.22. /Кабар/. Күн мурун, 19-апрелде Панфилов РИИБнын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын демилгеси менен экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча бирдиктүү иш алып баруу боюнча жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйынга теолог Кадыр Маликов, Кыргызстандын дин иштери боюнча башкармалыгынын Чүй облусундагы өкүлү Шүкүр Шерматов, УКМКнын Панфилов райондук бөлүмүнүн өкүлдөрү, билим берүү мекемелеринин кызматкерлери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Панфилов РИИБнин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы жыйындын катышуучуларына жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалыматтарды берип, алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жатканына карабастан диний экстремисттик коркунуч дале курч бойдон тургандыгын жана биргеликте анын алдын алуунун жолдорун белгилешти.

Диний экстремизм жана анын жүрүшүндөгү, акча каражатына жалданып куралдуу кагылышууларга катышкан адамдардын санынын өсүшүнө бөгөт коюу маселеси ортого коюлду.

Мындан тышкары, бул жыйындын катышуучулары Панфилов аймагындагы «Йакын-Инкар», «Хизб ут-Тахрир», «Салифизм» жана башка диний агымдардын идеологиясын карманган адамдардын аймактарда радикалдашуусуна бөгөт коюу маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий