• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улуттук онкология жана гемотология борборунда өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү — сүрөт

Коом 0

Бишкек, 20.04.22. /Кабар/. ӨКМдин Октябрь райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан Улуттук онкология жана гемотология борборунун №4 радиология корпусунда өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, машыгуунун негизги максаты — адамдарды имараттардан эвакуациялоо, жабыркагандарга жардам көрсөтүү жана адамдарга өрт учурунда туура кыймыл аракеттерин эскертүү болуп саналат.

Машыгуу учурунда борбордун ыктыярдуу өрт түзүмдөрү, кызматкерлери жана медицина кызматкерлери тартылды.

ӨКМдин жалпысынан эки өрт өчүрүүчү, бир өрт өчүрүүчү автошаты тартылган.

Пикир

Оставить комментарий