• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Бишкектеги аялдамалар сырдалып, мыйзамсыз чапталган жарнамалык мүнөздөгү кагаздар алынууда

Коом 0

Бишкек, 23.08.23./Кабар/. Бишкек шаарынын аймагындагы аялдама комплекстери сырдала баштады, деп билдирет муниципалитеттин маалымат кызматы.

Бүгүн "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын бригадасы сырдоо иштерин асфальт-бетон заводунун жанындагы Элебесов көчөсүндөгү аялдамадан баштап, Жибек-Жолу проспектисин көздөй бет алышты.

Белгилей кетсек, аялдаманын сырты ачык кызгылт сары түскө, ал эми ортосу боз түскө, таштанды челектери да ачык саргыч түскө боёлууда.

Ошондой эле, мыйзамсыз чапталган жарнамалык мүнөздөгү кагаздар атайын тазалагыч менен тазаланууда.

Бишкек мэриясы шаар тургундарынан жана конокторунан шаардын мүлкүнө аяр мамиле жасоону жана жарнамалык мүнөздөгү кагаздарды чаптабоону суранат.

Пикир

Оставить комментарий