• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин көчөлөрүндө чуңкурларды жамоо иштери жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 09.01.24. /Кабар/. Бишкектин көчөлөрүндө чуңкурларды жамоо иштери жүрүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Лев Толстой көчөсүн бойлой Т.Фрунзе көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейин иш алып барууда.

Ошондой эле Элебесов-Абдрахманов-Байтик Баатыр көчөлөрүндө Аул көчөсүнөн Токомбаев көчөсүнө чейин, ошондой эле Тоголок Молдо жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги чуңкурлар жамалды.

Мындан тышкары, Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө чуңкурларды жамоо иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий