• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстан быйыл 5 миллион кишини иш менен камсыздоону көздөйт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 09.01.24. /Кабар/. 8-январда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин катышуусунда өткөн жыйында иш менен камсыз кылуу маселелери талкууланды.

Расмий статистикага ылайык, өлкөдө жумушсуздардын саны 1 миллион 300 миңди түзөт. Бул жылы дагы 2,4 миллион адам эмгек рыногуна чыгары айтылды.

2024-жылы жумуш орундарын түзүү аркылуу 5 миллион адамды иш менен камсыз кылуу пландалууда. Тактап айтканда, тейлөө тармагында 2,5 миллион, айыл чарбасында 2,1 миллион, инвестициялык долбоорлордо жана өнөр жайда 250 миң, курулушта 140 миң адамды жумуш менен камсыздоо мүмкүн экени айтылды.

Президент жаңы жумуш орундарын түзүү жана калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча 2024-жылга карата сунушталган программаны бекитти.

Пикир

Оставить комментарий