• 88.68
  • 95
  • 0.95

Азия Кубогу: Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы ойной турган стадиондор

Спорт 0

Бишкек, 09.01.24. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 12-январында Азия Кубогу-2023 башталат. Оюндар Катардын 9 стадионунда өтөт.

Дохадагы «Абдулла Бин Халифа» стадиону Кыргызстандын Улуттук курама командасынын эки оюнун кабыл алат: биринчи турдун алкагындагы Таиландга каршы, экинчи турдун Оман курамасына каршы беттештери.

2013-жылы курулган бул стадион «Аль-Духаиль» футболдук клубунун үй аренасы болуп саналат жана 10 миң көрүүчүнү батыра алат.

Сауд Аравия менен Кыргызстандын курама командалары «Эр - Раян» жана «Аль-Харитият» клубдарынын негизги стадиону болгон «Ахмед Бин Али» көп функциялуу аренадасында ойнойт.

2022-жылкы Дүйнөлүк Чемпионаттын жети оюнун кабыл алган аренанын сыйымдуулугу 45 миңден ашуун орун.

2023-жылкы Азия Кубогунун ачылыш беттеши Катар жана Ливан курамаларынын ортосунда 12-январда орун алат.

Кыргызстандын улуттук курама командасы тарыхында экинчи жолу Азия биринчилигине катышып, турнирде 16-январда Таиланд курама командасына каршы оюнунда старт алат.

Белгилей кетсек, Азия Кубогу-2023 2024-жылдын 12-январынан 10-февралына чейин Катарда өтөт. Кыргыз курама командасы F тайпасында Оман, Сауд Аравия жана Таиланд курамалары менен ойнойт.

Алдыда боло турган Азия чемпионатына катышуу улуттук кураманын тарыхында экинчи болуп калмакчы. Футболчулардын астында Азия Кубогуна жана 2026-жылы өтө турган дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алууга күрөштү улантуу үчүн Азиянын 18 мыкты командасынын бири болуу милдети турат.

Оюндардын жүгүртмөсү: 16-январь | 1-оюн күнү
Таиланд 20:30 Кыргызстан Абдулла бин Халиф стадиону
Сауд Аравия 23:30 Оман Халифа стадиону
21-январь | экинчи 2-оюн күнү
Оман 20:30 Таиланд Абдулла бин Халиф стадиону
Кыргызстан 23:30 Сауд Аравия Ахмат бин Али стадиону
25-январь | 3-оюн күнү
Кыргызстан 21:00 Оман Абдулла бин Халиф стадиону
Сауд Аравия 21:00 Таиланд Эдьюкейшн сити стадиону

Улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Штефан Тарковичтин жетекчилиги алдындагы улуттук кураманын машыктыруучулар штабы 2023-жылкы Азия Кубогуна үчүн кураманын акыркы тизмесин жарыялады. Кураманын тизмеси 26 оюнчудан турат.

Дарбазачылар

  • Токотаев Эржан («Шанлыурфаспор», Түркия);
  • Исламкулов Марсель («Абдыш-Ата»);
  • Чомоев Султан, Нурланбеков Курманбек (экөө тең «Дордой»).

Коргоочулар

  • Жыргалбек уулу Кайрат (Абдыш-Ата»);
  • Браузман Християн (Абдыш-Ата»);
  • Акматов Айзар (Абдыш-Ата»);
  • Дүйшөбеков Бактыяр;
  • Козубаев Тамирлан («Истерн», Гонконг);
  • Сагынбаев Бекжан;
  • Мамыралиев Сүйүнтбек;
  • Мищенко Александр («Дордой»);
  • Шамурзаев Амантур («Абдыш-Ата»).

Жарым коргоочулар

  • Абдурахманов Одилжон;
  • Кадыржанов Адиль («Дордой»);
  • Мерк Кай («Унион Титус Петанж», Люксембург);
  • Алмазбеков Бекназ («Галатасарай», Түркия);
  • Мерк Кими («Пахтакор», Өзбекстан);
  • Алыкулов Гүлжигит («Неман», Беларусь);
  • Сталбеков Нурдөөлөт;
  • Джумашев Атай (Абдыш-Ата»);
  • Мусабеков Фархат (Абдыш-Ата»)
  • Азаров Азим («Абдыш-Ата»).

Чабуулчулар

  • Батырканов Эрнист («Абдыш-Ата»);
  • Жоэл Кожо («Динамо-Самарканд», Өзбекстан);
  • Токтосунов Дастан («Нефтчи»).

Пикир

Оставить комментарий