• 88.68
  • 95
  • 0.95

Улуттук банк IT-архитектор издейт. Негизги талаптар

Коом 0

Бишкек, 09.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкынын "Санарип сом" долбоордук тобу өз командасына кошуу үчүн IT-архитектор издейт. Бул тууралуу финансылык жөнгө салуучу уюмдан маалымдашты.

Резюмелерди кабыл алуу 2024-жылдын 1-февралына чейин жүргүзүлөт: mail@nbkr.kg электрондук дарегине "Долбоордук топко" деп көрсөтүү менен жана/же (0555) 66 58 40; (0999) 03 02 91 (WhatsApp); (0312) 66 90 56 жөнөтүңүз.

IT-архитекторуна карата квалификациялык талаптар:

  • жогорку техникалык билим;
  • негизинен IT тармагында 1 жыл же андан көп иш тажрыйбасы;
  • программалык каражаттын архитектурасынын варианттарын билүү;
  • программалык каражаттын архитектурасын документтештирүү боюнча көндүмдөр;
  • программалык каражатка карата талаптарды баалай билүү;
  • программалоо ыкмаларына жана маалыматты иштеп чыгууда эсептөө техникасын колдонууга тийиштүү материалдарды, жабдуулардын максатын жана иштөө режимдерин, аны техникалык эксплуатациялоонун эрежелерин билүү;
  • документтер менен иш алып баруу деңгээлинде англис тилин билүү (A2);
  • аналитикалык ой жүгүртүү жана изилдөө ишин жүргүзүү жөндөмүнө ээ болуу;
  • командада иштей билүү, жоопкерчиликтүү, уюшкандыкта, туруктуу жана демилгелүү болуу;
  • сунуштоо каттары кабыл алынат.

Керектүү көндүмдөр:

  • программалык каражаттын архитектурасынын варианттарын түзүү;
  • функционалдык мүнөздөмөлөрдү жана мүмкүнчүлүктөрдү, анын ичинде ар бир компонент колдонула турган эксплуатациялык, физикалык мүнөздөмөлөрдү жана экологиялык шарттарды аныктоо;
  • ар бир компоненттин жана бүтүндөй программалык каражаттын маалымат структурасын аныктоо;
  • методдорду жана схемаларды камтыган компоненттердин алгоритмдерин сыпаттоо;
  • программалык каражаттын иштешинин жана тейлөөнүн мүмкүндүгүн баалоо;
  • варианттардын сыпаттамасын жана тандалган варианттын техникалык-экономикалык негиздемесин камтыган компоненттердин архитектурасынын мүмкүн болгон варианттарын техникалык изилдөө.

Пикир

Оставить комментарий