• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандыктар Венгриянын ЖОЖдоруна тапшыра алат. Документтер 15-январга чейин кабыл алынат

Билим 0

Бишкек, 09.01.24. /Кабар/. Венгриянын жогорку окуу жайларына конкурстук тандоого катышуу үчүн документтерди кабыл алуу 2024-жылдын 15-январына чейин уланат. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Венгрия өкмөтүнүн Stipendium Hungaricum Scholarship Program стипендиялык программасынын алкагында Кыргызстандын жарандары үчүн Венгриянын жогорку окуу жайларында венгр же англис тилинде билим алууга гранттарды берет (бакалавриат, бир деңгээлдүү магистрдик программа (бакалавриат+магистратура), магистратура жана докторантура).

Өтүнмө берүү жол-жобосу тууралуу кенен маалымат менен шилтеме аркылуу таанышууга болот, ал эми программа жөнүндө маалымат бул сайтта.

Пикир

Оставить комментарий