• 88.68
  • 95
  • 0.95

ОшМУнун делегациясы Түркиянын Сивас Жумхуриет университетинде иш сапарында жүрөт

Билим 0

Бишкек, 25.02.22. /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинин окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов баштаган делегация Түркиянын Сивас Жумхуриет университетинде квалификациясы жогорулатуу иш сапарында жүрүшөт. Бул тууралуу ОшМУнун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, делегациянын иш сапары Сивас Жумхуриет университетинин ректору, профессор Алим Йылдыздын кабыл алуусу менен башталды.

Жолугушууда эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтыктары, алдыга койгон пландары боюнча пикир алышуу болду. ОшМУнун делегациясы Сивас Жумхуриет университетинин структуралык түзүмдөрү, окуу-методикалык, илимий-изилдөө иштери, окутууда кредиттик технологияны колдонуу усулдары менен таанышты.

Андан сырткары, студенттердин жана окутуучулук курамдын алмашуу программалары боюнча ар бир жетекчилик менен өз ара келишимдерди түзүү иштери боюнча макулдашуулар күтүлүүдө.

ОшМУ Жумхуриет университети менен Эрасмус + программасы аркылуу 2015-жылдан бери кызматташып келет. 2020-жылы ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобековдун Туркияга болгон иш сапарында эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий