• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте шаардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча отурум өттү

Коом 0

Бишкек, 11.12.23. /Кабар/. Мэрияда Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2025-жылга программасын жана 2026-2027-жылдарга болжолун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун 1-отуруму болуп өттү.

Отурумда жумушчу топ программанын түзүмүн жана программаны иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун Иш-аракеттер планын бекитти.

Программа КР Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык иштелип чыгат.

Эскерте кетсек, бул программа Бишкек шаарынын мэриясынын фискалдык саясатынын борборду социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу максаттарына жетүү үчүн иш-чараларды ишке ашыруу боюнча негизги багыттарын аныктайт.

Пикир

Оставить комментарий