• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

2010-жылдагы мародерлук фактысы боюнча иштин материалдары ИИМ тергөөсүнөн УКМКга берилди

Коом 0

Бишкек, 27-март /Кабар/. 2010-жылдагы мародерлук фактысы боюнча иштин материалдары ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине берилди. Бул тууралуу АКИpress агенттиги билдирди.

Маалымат боюнча, Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы агенттикке бул маалыматты ырастаган.

2017-жылдын 14-мартында 2010-жылы болгон мародерлук фактысы боюнча кылмыш иши УКМКга мындан аркы тергөөгө берилгендигин көзөмөл органынан такташты.

Бул кылмыш иши 2012-жылы 22-августта Кылмыш кодексинин 168 (“Каракчылык”), 172 (“Мыйзамсыз түрдө унаа каражатына ээ болуу”), 208 (“Баалуу металлдарды, баалуу таштарды мыйзамсыз айлантуу”) жана 245-беренелеринде (“Ок атуучу куралды, ок дарыларды, жардыруучу заттарды уурдоо же тоноп алуу”) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча Башкы прокуратура тарабынан козголгон. Тергөө ИИМ Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп келген.

Учурда Улуттук коопсуздук мамкомитети иштин жагдайларын аныктоо жана күнөөлүүлөрдү кылмыш жообуна тартуу багытында ыкчам тергөө чараларын жүргүзүүдө.

Бирок, басма сөз кызматы эмне себептен иштин материалдары УКМКга өткөрүлүп берилгенин түшүндүргөндөн баш тартышты.

Бир нече инстанциядагы соттордо 2010-жылдагы апрель окуялары учурундагы мародерлукка айыпталган Абдулла Юсупов, Азамат Шергазиев жана Дастан Оморовго, ошондой эле, ИИМдин 9-бөлүмүнүн мурдагы башчысы милициянын полковниги Абдували Акжоловго карата иштер каралууда.

Тергөө маалыматтарына ылайык, сот жообуна тартылгандар “Манас” аэропортунун кызматкери Владимир Тяндан 7,5 млн сом талоончулук менен уурдап алгандары үчүн, ошондой эле, Кыргызстандын мурдагы муфтийи Мураталы ажы Жумановдон акча опузалап алгандыктары үчүн айыпталып жатышат.

Пикир

Оставить комментарий