• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Россиядагы элчилик: Мекенге кайтууну каалаган кыргызстандыктардан акча чогулткан 12 адам аныкталды

Коом 0

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. Москва шаарында мигранттарды Кыргызстанга жөнөтүү үчүн чартердик каттамдын кезексиз тизмесине киргизүүгө жардам берүүнү убадалап, акча чогулткандар кармалды. Бул тууралуу КРнын РФдагы элчилигинин басма сөз кызматы маалымдайт.

Мурда кабарлангандай, айрым жарандардын коррупциялык жана алдамчылык кыймыл аракеттеринин алдын алуу жана аларды жоюу максатында элчиликтин алдында КР ИИМдин РФдагы өкүлү, милициянын полковниги Жанбаев Н.С. башында турган ар кандай мыйзамсыз көрүнүштөр боюнча жарандардын арыздарын кароо максатында атайын комиссия түзүлгөн.

"Бүгүнкү күндө аталган комиссиянын ишмердүүлүгүнүн аралык жыйынтыктары боюнча, жарандарды чартердик рейстердин тизмесине киргизебиз деп убадалап, элден акча чогулткан 12 жарандын 20 алдамчылык фактысына тиешеси и бар экени аныкталды. Жарандардын кылмыштуу иш-аракеттеринин жыйынтыгында жабырлануучуларга жалпысынан 435 миң 700 рубль өлчөмүндөгү материалдык зыян келтирилген. Баардык аныкталган мыйзамсыз фактылар Москва шаары боюнча полициянын аймактык бөлүмдөрүндө катталды", - деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

Маалыматка караганда, аныкталган фактылар боюнча Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык үч кылмыш иши козголду. Ал эми 6 фактыга байланыштуу кылмыш ишин козгоо боюнча маселе каралып жатат.

"Бирок тилекке каршы жогоруда аталган 20 факт боюнча жабырлануучулардын көпчүлүгү аларга келтирилген материалдык зыяндардын оордун толтуруп бергенден кийин өздөрүнүн мурунку берген арыздарынан баш тартып, кайра тосмо арыздарын берип жатышат. Жабырлануучулардын бул кыймыл аракеттеринин жыйынтыгында 11 факт боюнча укук коргоо органдары тарабынан кылмыш ишин ачуудан баш тартылды. Ушундан улам күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу мүмкүн эмес болуп калды", - деп кошумчалашты элчиликтен.

Ошондой эле элчилик көп учурда жарандар алдамчылык фактылары боюнча ооз эки түрүндө билдиришип, бирок белгисиз себептерге байланыштуу укук коргоо органдарына кайрылуудан баш тартып, Кыргызстанга кетүү зарылдыгына таянган фактылары арбын кездешип жатканын белгилейт.

"Элчилик бардык жарандарды жарандык жоопкерчиликти жана абийирдүүлүктү көрсөтүүгө, мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюу жана адамдарды мыйзамдын чегинде жоопкерчиликке тартуу максатында, жардам көрсөтүүгө жана болгон бардык фактылар боюнча маалымат берүүгө үндөйт. Бүт мыйзамсыз аракеттерге кескин түрдө бөгөт коюулат жана күнөөлүүлөр РФнын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат", - деп айтылат маалыматта.

Ар бир жарандын коррупция жана алдамчылык фактылары боюнча маалыматты элчиликке, ошондой эле социалдык тармактар аркылуу жеке элчинин блогуна (www.elchi.ru), КРнын РФдагы өкүлчүлүгүнүн электрондук дарегине (predstavitelstvomvd@mail.ru) же төмөнкү телефон номуруна: +79268908700 жиберүү мүмкүнчүлүгү бар.

Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Пикир

Оставить комментарий