• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте жаңы жыл түнү коомдук транспорт жүргүнчүлөрдү 01:00гө чейин тейлейт

Коом 0

Бишкек, 30.12.22. /Кабар/. Бишкекте жаңы жыл түнү шаардыктардын жана борбор калаанын конокторунун ыңгайлуулугу үчүн бардык коомдук транспорттор түнкү саат 01:00гө чейин иштейт.

Муниципалитеттен белгилешкендей, 1-январда муниципалдык коомдук транспорт - автобустар жана троллейбустар атайын график боюнча саат 08:00дөн 20:00гө чейин, ал эми кичи автобустар адаттагыдай эле каттайт.

2-январдан тарта шаардагы бардык коомдук транспорт кадимки режимде иштей баштайт.

Пикир

Оставить комментарий