• 88.68
  • 95
  • 0.95

31-декабрь – салык органдары үчүн жумуш күнү

Коом 0

Бишкек, 30.12.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 23-декабрындагы буйругуна ылайык, Мамлекеттик салык кызматы үчүн 31-декабрь жумуш күнү деп белгиленди.

Ушуга байланыштуу салык органдары салык төлөөчүлөрдү 31-декабрда кадимки иш тартибинде тейлешет.

Мындан тышкары, мамлекеттик жана коммерциялык банктарга салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн кабыл алуу үчүн Министрлер Кабинетинин ушул эле буйругу менен 31-декабрды жумуш күнү кылуу сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий