• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"БишкекВторРесурс" таштандыны шаардын сыртына алып чыгууда — аким

Коом 0

Бишкек, 10.07.23. /Кабар/. "БишкекВторРесурс" (БВР) жеке компаниясы жумуш аткарып жаткандай түр көрсөтүп, Октябрь районундагы таштандыны шаардын сыртына алып чыгууда. Бул тууралуу бүгүн "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында шаардын Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев билдирди.

"Тилекке каршы, "БВР" компаниясы районду бир же эки унаа менен кыдырып, Октябрь районундагы таштандыны чыгарып жаткандай түр көрсөтүп, соцтармакта өз ишмердүүлүгү тууралуу видеолорду жарыялоодо. Аны менен катар катуу тиричилик калдыктарын Чүй облусундагы санкцияланбаган полигонго алып чыгууда, буга тыюу салынган. Анткени Бишкектеги таштандыларды Бишкек санитардык полигонунан башка жакка төгүүгө тыюу салынган", - деди ал.

Аны менен катар район акими маалымдагандай, учурда бул маселе боюнча тиешелүү органдар иштеп жатат, жакын арада жеке компаниянын аракеттерине баа берилет.

Эске сала кетсек, "БВР" компаниясы ушул жылдын 1-январынан 14-июнга чейинки аралыкта Бишкектин Октябрь районундагы таштандыны чыгарып келген. 14-июндан тарта Октябрь районундагы таштанды чыгаруу функциясы "Тазалык" муниципалдык ишканасына өткөн. Буга жеке компаниянын ишинин чабалдыгы себеп болгон.

Бирок "БВР" Октябрь акимчилигинин аны менен келишимди бир тараптуу бузуу чечимине макул болбой, ишин улантууда. Райондун жашоочуларына эки эсеп-дүмүрчөк келүүдө - бирөө "Тазалыктан", экинчиси "БВР" компаниясынан.

Октябрь районунун акимчилиги "Тазалыктын" квитанциясы менен гана төлөө керектигин билдирүүдө. Ал соттун жыйынтыгы боюнча "БВР" менен эсептешүүнү өзүнчө жүргүзөт.

Пикир

Оставить комментарий