• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин борбордук бөлүгүндө эки күн суу болбойт. Эки районго суу жеткирүү графиги

Коом 0

Бишкек, 10.07.23. /Кабар/. Бишкектин борбордук бөлүгүндө эки күн суу болбойт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 11-июль саат 08:00дөн 13-июль саат 08:00гө чейин Фрунзе – Аламүдүн дарыясы – темир жол линиясы – Панфилов көчөсү менен чектешкен аймакта суу өчүрүлөт.

Суу берүү алдыдагы күз-кыш мезгилине байланыштуу Көк-Жар суу алгычында профилактикалык иштерди жүргүзүүгө байланыштуу токтотулмакчы. Иш-чара таза суу системасын келерки сезонго даярдоого, шаардын бардык тургундарын сапаттуу ичүүчү суу менен камсыздоого багытталган.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну белгиленген мөөнөткө чейин камдап алууну суранат.

Өчүрүү мезгилинде сууну ташып берүү график боюнча эртең мененки саат 09.00дөн кечки саат 18.00гө чейин, ошондой эле кечки саат 18.00дөн түнкү 00.00гө чейин төмөнкү даректер боюнча уюштурулат:
- Герцен көчөсү – Бөкөнбаев көчөсү;
- Токтогул көчөсү –Осмонкул көчөсү;
- Токтогул көчөсү –Герцен көчөсү;
- Огонбаев көчөсү –Суюмбаев көчөсү;
- Бөкөнбаев көчөсү №7;
- Токтогул көчөсү –Куйбышев көчөсү;
- Гоголь көчөсү №112;
- Шопоков көчөсү №29;
- Үсөнбаев көчөсү №24;
- Чокморов көчөсү –Усенбаев көчөсү;
- Үсөнбаев көчөсү №26;
- Москва көчөсү №53;
- Токтогул көчөсү –Шопоков көчөсү;
- Шопоков көчөсү №121;
- Тыныстанов көчөсү №64/1 – Бөкөнбаев көчөсү;
- Чокморов көчөсү –Тыныстанов көчөсү;
- Тыныстанов көчөсү №94 (195);
- Токтогул көчөсү №92;
- Тыныстанов көчөсү №215;
- Чокморов көчөсү –Раззаков көчөсү;
- Раззаков көчөсү №50;
- Раззаков көчөсү №51.

Ошондой эле төмөнкү даректер боюнча биодааратканалар (биотуалеттер) орнотулат:
- Абдымомунов көчөсү №207;
- Тыныстанов көчөсү –Чүй проспектиси;
- Тыныстанов көчөсү – Абдымомунов көчөсү;
- Чүй проспектиси –Раззаков көчөсү;
- Киевская көчөсү – Орозбеков көчөсү;
- Москва көчөсү –Раззаков көчөсү;
- Токтогул көчөсү –Тыныстанов көчөсү;
- Түгөлбай-Ата көчөсү –Эркиндик бульвары;
- Осмонкул көчөсү, №128;
- Чүй проспектиси –Сүйүмбаев көчөсү (түндүк-батыш жагы);
- Огонбаев көчөсү –Гоголь көчөсү (түштүк-чыгыш жагы);
- Москва көчөсү, №54;
- Москва көчөсү, №21;
- Москва көчөсү –Гоголь көчөсү (түштүк-чыгыш жагы);
- Ибраимов көчөсү, № 29.

Пикир

Оставить комментарий