• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чет өлкөлүк жумушчулар менен КР жарандарынын камсыздандыруу төгүмдөрү бирдей болду

Коом 0

Бишкек, 11.11.22. /Кабар/. Кыргызстанда ноябрь айынан тартып иш берүүчүлөр чет өлкөлүк жарандар – жумушчулар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн Кыргызстандын жарандары менен бирдей төлөшөт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Чет өлкөлүк жарандар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери Кыргызстандын 2021-жылдын 15-ноябрындагы №132 мыйзамы менен өзгөртүлгөн. Ага ылайык, чет өлкөлүк жарандардын – жумушчулардын пайдасына камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө жана төлөө 27,25% өлчөмүндө жүргүзүлөт.

Буга чейин Кыргызстанда убактылуу жүргөн жана иштеген чет өлкөлүк жарандар үчүн иш берүүчүлөр пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө 3% төлөп келишкен.

Жарандык-укуктук келишимдер (контракттар) боюнча киреше алуучу, ошондой эле жеке ишкерлик менен алектенишкен, анын ичинде базарларда иштеген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнү жана төлөөнү Кыргызстандын жарандары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары боюнча өз алдынча жүзөгө ашырат.

Пикир

Оставить комментарий