• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

“Кыргыз темир жолунун” командасы Ташкентте өткөн эл аралык мелдеште 2-орунду ээледи

Коом 0

Бишкек, 11.11.22. /Кабар/. Кечээ, 10-ноябрда Ташкент шаарында өтүп жаткан Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун Саммитинин алкагында мүчө мамлекеттердин темир жол администрацияларынын кызматкерлеринин биринчи эл аралык спартакиадасы өттү.

"Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиргендей, иш-чарага Кыргызстан, Өзбекстан, Азербайжан жана Казакстандын темир жол администрацияларынан түзүлгөн курама командалар катышты.

Алар стол тенниси, шахмат, армрестлинг, аркан тартыш жана гиря көтөрүү сыяктуу спорт түрлөрү боюнча күч сынашты.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын 11 темир жолчудан турган курама командасы 11 медалдын ичинен 10 медалды: 4 алтын, 5 күмүш, 1 коло жеңип алып, экинчи оорунга ээ болушту.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча командалар төмөнкү орундарга ээ болушту:

1-орунду "Казакстан темир жолу" УК" АКсынын темир жолчулар командасы;

2-орун – "Кыргыз темир жолу" УК" мамлекеттик ишканасынын темир жолчулар командасы;

3-орун – "Өзбекстан темир жолдору" АКнын темир жолчулар командасы алышты.

Уюштуруучулар белгилегендей, иш-чара катышуучу-өлкөлөрдүн темир жол администрацияларында спорттун өнүгүшүнө олуттуу түрткү берүү гана эмес, ошондой эле эл аралык темир жол тармагындагы кызматташтыкты жаңыча жогорулатуу потенциалын ачууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий