• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарында ирригацияны, жайыттарды башкарууну комплекстүү уюштуруу боюнча пилоттук долбоор ишке ашат

Аймак 0

Бишкек, 30.12.22. /Кабар/. 2023-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарындагы ирригациялык системаларды, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын күтүү жана өнүктүрүү, ошондой эле жайыттарды башкаруу маселелерин натыйжалуу чечүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылат.

Мындай чечим Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарында ирригациялык системаларды, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын тейлөө жана өнүктүрүү, ошондой эле жайыттарды башкаруу маселелерин натыйжалуу чечүү максатында кабыл алынган.

Ошол себептүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2023-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун аймагында жайгашкан айыл аймактарын ирригациялык системаларды, ичүүчү суу менен камсыздоо тутумдарын комплекстүү тейлөөнү жана өнүктүрүүнү, ошондой эле жайыттарды башкарууну уюштуруу боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү чечимине келди.

Ошону менен бирге пилоттук долбоордун алкагында айыл аймактарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын базасында айыл жериндеги ирригациялык системаларды, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын эксплуатациялоону, күтүүнү жана өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртуу максатында алынуучу төлөмдөрдү жыйноонун, башкаруунун жана бөлүштүрүүнүн бирдиктүү системасы түзүлөт.

2023-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө пилоттук долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүнө аралыктык талдоо жүргүзүлөт.

2025-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө пилоттук долбоордун жыйынтык натыйжалары изилдөөгө алынат жана алынган тажрыйбаны Кыргыз Республикасынын башка облустарынын айыл аймактарына андан ары жайылтуу жөнүндө сунуштар киргизилет.

Пикир

Оставить комментарий