• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткен жана Ош окуяларында жабыркагандарга жөлөкпул жогорулатылды – Эмгек министрлиги

Коом 0

Бишкек, 30.11.23. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин токтому менен үстүбүздөгү жылдын 1-августунан тартып 2021-жылдын апрелинде Баткен облусунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында жабыр тарткандарга ай сайын төлөнүүчү социалдык жөлөкпул жогорулатылды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдиргендей, жөлөкпулдун өлчөмү 3 700 сомдон 5 500 сомго көбөйтүлдү.

Ошондой эле, 2022-жылдын сентябрында Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын натыйжасында жабыр тарткандарга дагы ай сайын төлөнүүчү социалдык жөлөкпул каралып, анын өлчөмү 5 500 сомду түздү.

Ар айлык кошумча социалдык жөлөкпул төмөнкүлөргө дайындалат:

1) курман болгон адамдардын балдарына - алар он сегиз жаш куракка толгонго чейин;

2) курман болгон адамдардын ата-энелерине (атасына, энесине) - алар пенсия курагына жеткенде, эгерде курман болгон адам жалгыз баласы болгон учурда;

3) майыптыгы бар адамдар деп таанылган жабыр тарткандарга - майыптыгы белгиленген датадан тартып медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусун колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин.

Пикир

Оставить комментарий