• 88.68
  • 95
  • 0.95

Үстүбүздөгү жылдын I кварталында бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү 14,2 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 20.04.22. /Кабар/. Мамлекеттик Бажы кызматы 2022-жылдын I кварталына карата бажы төлөмдөрү боюнча планды ашыгы менен аткарды. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча бажы төлөмдөрүнүн иш жүзүндө түшүүсү 14,2 млрд сомду түздү. Бул 2021-жылдын I кварталына салыштырмалуу 5,8 млрд сомго көбөйгөн, же өсүү темпи 168,3% түзгөн.

Ошентип, Финансы министрлиги тарабынан белгиленген пландык көрсөткүчтөр 109,2% аткарылган же 1,2 млрд сомго көп чогултулган.

Пикир

Оставить комментарий