• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан 2043-жылга чейин "Жерүй" кенин иштетүүдөн $535 млн табат – Шубин

Экономика 0

Бишкек, 27.03.19. /Кабар/. Кыргызстан "Жер-Үй" алтын кенин иштетүүдөн 535 млн. АКШ долларын табат. Бул тууралуу орус-кыргыз аймактар аралык "Стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы горизонттору жана интеграция" аттуу VIII конференциясында кенди иштеткен "Альянс Алтын" ЖЧКнын башкы директору Михаил Шубин билдирди.

Ал маалымдагандай, Кыргызстан кен иштеп баштагандан тарта 2043-жылга чейин 535 млн. доллардан кем эмес каражат алат.

Шубин билдиргендей, Талас облусунда фонд түзүлүп, акыркы үч жылда ал жакка жыл сайын 100 миллион сомдон которулуп турган.

"Быйылкы жылдан тарта 150 млн. сомдон которулуп турат. Бул каражаттын 40 пайызы социалдык долбоорлорго кетет. Ал эми калган бөлүгү жылдык үстөгү 8 пайыз менен кичи жана орто бизнести каржылоого жумшалат. Долбоордун баасы 273 млн. доллар, анын 92 миллиону коротулду. Быйыл долбоорду ишке киргизүү үчүн 180 млн. доллар сарпталат. Курулуш иштерин аяктоо мөөнөтү - ушул жылдын декабрь айы", - деп билдирди Шубин.

Долбоор 2019-жылдын аягында ишке кирет.

Пикир

Оставить комментарий