• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Россиялык инвесторлор кыргызстандыктардын акцияларын сатып алса болобу? - Мукамбетовдун жообу

Экономика 0

Бишкек, 27.03.19. /Кабар/. Россиянын каржы министринин орун басары Сергей Сторчак Бишкекте өтүп жаткан орус-кыргыз аймактар аралык "Стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы горизонттору жана интеграция" аттуу VIII конференциясында россиялыктар кыргызстандыктардын акцияларын жана баалуу кагаздарын сатып алса болобу деп суроо узатты.

“Россиялык инвесторлорго баалуу кагаздарды сатып алуу оңой болобу же кыйынбы? Россиянын ашып жаткан капиталы сиздердин өлкөгө келип, Кыргызстандын экономикасынын өсүүсүнө кошумча салым болмок. Мындай негизи мүмкүнбү?”, - деп сурады ал.

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик органынын жетекчиси Санжар Мукамбетов андай мүмкүнчүлүк бар, деди.

“Ал мүмкүнчүлүк менен биржанын бир гана россиялык катышуучулары гана эмес, көптөр колдоно алышат”, - деди Мукамбетов.

Ошондой эле ал Кыргызстанда салыктар төмөн экендигин баса белгилеп кетти.

Пикир

Оставить комментарий