• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ак үй 2024-жылга чейин америкалык астронавттарды Айга жиберүү талабын койду

Дүйнө 0

Бишкек, 27.03.19. /Кабар/. АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы NASA'га (Аэронавтика жана космостук мейкиндикти изилдөө улуттук борбору) 2024-жылга чейин кандай болсо да америкалык астронавттарды Айга жиберүүсүн талап кылды. Бул тууралуу meduza.io жазат.

АКШнын вице-президенти Майк Пенс, Трамп NASA менен анын директору Жим Брайденстайнга бул ишти кандай болсо да аткарууну тапшырганын белгиледи. Ал кошумчалагандай, NASA'нын 2028-жылга чейин америкалык астронавттарды Айга жиберүү максаты "анча жакшы эмес".

Бул боюнча NASA'нын директору Жим Брайденстайн твиттерге жооп жазып, "Айтылганды уктук. Эми ишке киришели" деп жазган.

Белгилей кетсек, АКШдан тышкары Айга жетүүнү Россия менен Кытай көздөп келет. Россия 2030-жылдан кийин адамдарды Айга жөнөтүп турууну караштырууда. Ал эми, Кытай Айга "Чанъэ-4" аттуу зондун жиберип, андан тышкары ал жакта өз базасын жайгаштырууну максат кылууда.

Пикир

Оставить комментарий