• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кытайда алгачкы интернет-сот ачылды

Дүйнө 0

БИШКЕК, 18.08.17. /Кабар/. Кытайдагы алгачкы интернет-соттун ачылышы жума күнү Чжэцзян провинциясынын Ханчжоу шаарында ачылган. Бул тууралуу КЭР Борбордук телеканалы билдирди.

Интернет-сотту түзүү чечими үстүбүздөгү жылдын 28-июнунда кабыл алынган. Анын ачылышына КЭР Жогорку элдик сотунун төрагасы катышты.

Интернет-сот онлайн-соодага байланыштуу алдамчылык, онлайн түрүндө түзүлгөн келишимдер, интернетте автордук укуктардын бузулушу тууралуу иштерди карайт.

Бардык соттук процедуралар соттун сайты аркылуу өтөт. Сот отурумдары жана өкүмдү угузуу онлайн түрүндө өтөт.

Буга чейин соттук тутум кибер кылмыштуулук боюнча көптөгөн иштерди жүргүзөрү белгиленген.

Булагы: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий