• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Ай жарык» «Жылдын мыкты фильми» номинациясында “Оскарды” жеңип алды

Дүйнө 0

Бишкек, 27- февраль /Кабар/. «Жылдын мыкты фильми» категориясында АКШнын «Оскар» киноакадемиясынын башкы сыйлыгын «Ай жарык» драмасы жеңип алды. Сыйлыкты тапшыруунун 89-аземи АВС телеканалы аркылуу берилди.

2016-жыл үчүн бул категория боюнча "Ла-ла ленд", "Арстан", "Келүү", "Фигураны жашыруу", "Кандай гана болбосун”, "Абийирди эске алып", "Деңиздеги Манчестер" жана "Тосмо" тасмалары да көрсөтүлгөн.

Алгач алыпбаруучу “Оскарды "Ла-ла ленд" мюзикли алгандыгын жарыялаган. Бул фильмди жаратуучулар сценага чыгышып, ыраазычылыктарын билдирип башташканда киноакадемиянын өкүлдөрүнүн бири чыгып, жаңылыш болгондугун, башкы байгени “Ай жарык” тасмасы жеңип алгандыгын жарыялады.

Фильмдерди алмаштырып алып жаңылыштык кетиргени үчүн алыпбаруучу Джимми Киммел кечирим сурады. “Эмне болгонун өзүм да билбейм, бул үчүн мен күнөөөлүмүн” ,-деди ал.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий