• 88.68
  • 95
  • 0.95

Иранда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 445 адамга жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 14.11.17./Кабар/. Иран менен Ирактын чектешкен жеринде болгон жер титирөөдөн каза болгондордун саны 445 адамга жетти. Бул тууралуу Press TV телеканалы расмий маалыматтарга таянып билдирет.

Кырсыктан жети миңден ашуун адам жабыркаган.

Эске сала кетсек, жекшемби күнү Иран менен Ирак чектешкен жерде күчү 7,2 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Кызыл Жарым ай коомунун маалыматына таянсак, дээрлик 70 миңге жакын адам турак-жайсыз калды. Алар үчүн атайын чатырлар курулуп, жайгаштырылышкан.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий