• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Фоторепортаж - Кыргызстан менен Россиянын ректорлорунун биринчи Форуму

Президент 0

Бишкек, 27.03.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-мартта, Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун «Илимди жана билим берүүнү өнүктүрүү — келечекке инвестиция» биринчи Форумуна катышты.

Форум Россиянын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасай турган мамлекеттик визитинин алкагында өтүп жатат.

Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө «биздин күчүбүз — элибиздин достугунда, менталитеттин жана рухубуздун жакындыгында, өлкөлөр ортосундагы көп багыттуу байланышты бекемдөөдө, -деп баса белгиледи.

Форумдун максаты — эки тараптуу кыргыз-орус илимий-билим берүү кызматташуусун кеңейтүү. Анын ишине РФнын илим жана жогорку окуу жайлар министри Михаил Котюков, РФнын агартуу министри Ольга Васильева, Россиянын ректорлор союзунун президенти Виктор Садовничий баш болгон РФнын 70тен ашуун вуздарынын жетекчилери катышууда.

Кыргызстан тараптан билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, өлкөнүн жогорку окуу жайларынын Ассоциациясынын төрагасы Абдылда Мусаев баштаган 30тан ашуун ректорлор катышууда.

Форумдун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын Ассоциациясы менен Россия Федерациясынын ректорлор союзунун кызматташуусу жөнүндө макулдашууга, ошондой эле Россия менен Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ортосундагы биргелешкен долбоорлорду, программаларды ишке ашыруу жана кызматташуу тууралуу 70тен ашуун эки тараптуу макулдашууларга кол коюлаары күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий