• 88.68
  • 95
  • 0.95

Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү ыктымал. ӨКМ чукул билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 30.05.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чукул билдирүү таратып, дарыяларда сууну деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү мүмкүндүгүн билдирди.

Ведомствонун маалыматына караганда, бүгүн, 30-майда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Жаан-чачындан улам дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлүүдө.

30-майдан 31-майга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-85 чакырымдарынын Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкүсү түшүүcү мүмкүн.

Адам өмүрүн сактоо максатында унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий