• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад мэри сел каптаган аймактарды тазалоо иштеринен кабар алды

Коом 0

Бишкек, 30.05.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков сел каптаган аймактарды тазалоо иштеринен кабар алды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, мэриянын коммуналдык мекемелери, сел каптаган көчөлөрдү, социалдык объектилерди жана турак жайларды тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Эске сала кетсек, 28-майда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Жалал-Абад шаарында 18 объектини сел суулары каптаган. Анын ичинен 8и социалдык мекеме, ал эми 10у көп кабаттуу жана жер үйлөр.

Жалал-Абад мэри Эрнисбек Ормоков бардык тийиштүү кызматтарга селдин кесепеттерин жоюу боюнча тапшырма берип, кечинде сел кирген турак жайларды тазалоо иши башталган.

Пикир

Оставить комментарий